Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:02

«Норманд төрттүгү»: Путин менен Зеленский туткун алмашууну макулдашты


«Норманд төрттүгүнүн» Париждеги жыйыны.
«Норманд төрттүгүнүн» Париждеги жыйыны.

Парижде 10-декабрда Украинанын чыгышындагы чырды басууну көздөгөн, Берлиндин, Париждин, Москванын жана Киевдин башын бириктирген «Норманд төрттүгү» форматындагы саммит өттү. Елисей сарайындагы сүйлөшүү узакка созулду жана тараптар төрт айдан кийин дагы жолугушууну макулдашты.

Андан кийин Орусия менен Украинанын президенттери Владимир Путин менен Владимир Зеленский биринчи ирет көзмө-көз кездешти. Алар 2019-жылдын аягына чейин ок чыгарбоо режимин камсыз кылуу, туткундардын баарын башма-баш алмашуу тууралуу макулдашты.

Бирок эки президент чек арадагы көзөмөл, жикчилдер башкарган аймактарда шайлоо өткөрүү, орус газын ташуу өңдүү негизги маселелерде орток пикир таба алышкан жок.

«Норманд төрттүгү» форматындагы сүйлөшүүлөр 2014-жылы башталган. Алар акыркы жолу 2016-жылдын октябрь айында жолугушкан. Буга чейин Кремл «Штайнмайер формуласы» Киевди ынандырбаса, орус президенти Владимир Путин бул биримдиктин алкагында украин президенти Владимир Зеленский менен жолукпай турганын айтып келген. Өткөн айда Зеленский Кремлдин талабына көнүп, «Штайнмайер формуласы» деген ат менен таанылган документти ишке ашыруу зарыл экенин билдирген.

Киев, Москва жана ЕККУ эл аралык коомчулукта «Штайнмайер формуласы» деген ат менен белгилүү болгон документке 1-октябрда кол койгон. Ага ылайык, өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик республикалары» («ДНР» жана «ЛНР») деп атап алган облустардагы шайлоонун жыйынтыгын эл аралык коомчулук таанууга тийиш. Аймактардан куралдуу топтордун баары чыгарылып, Украинанын чыгышындагы Орусия менен чек арасын толук өзү көзөмөлдөйт.

Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алып, өлкөнүн чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөтүп келет. Кремль жаңжалга тиешеси жок экенин айтууда. Беш жылдан бери өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин ортосундагы куралдуу кагылыштарда 13 миңден ашуун адам өлдү.

XS
SM
MD
LG