Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:03

Жасалма номур менен жүргөн чуулуу машиненин ээси аныкталды


Бир жума мурун Интернетте 01 578 ASD деген окшош номур тагылган беш түрдүү машиненин видеокөзөмөл камераларына түшүп калган сүрөттөрү тарап, алардын бири 1-декабрда жол эрежесин бузуучу катары тартылган. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов ал автоунаанын ээси аныкталып, машинеси айып токтотмого коюлганын айтты:

- Жөнөкөй жаран экен. Прокуратурага да, Мамкаттоого да тиешеси жок. Ал номур жасалма, Мамкаттоонун базасында да жокко чыгарылыптыр. Ал айдоочу өзү «номурду базардан таап алгам» деп көрсөтмө берип жатат.

Айдоочуга жасалма номур тагып жүргөнү үчүн айып салынат.

Kaktus media сайты 4-декабрда «редакциянын булактары ал машинени айдап бараткан адам Мамкаттоонун төрагасы Алмаз Мамбетов экенин айтып жатышат. Ал эми жанында отурган келинди анын орун басары Айнура Туйбаева деп таанышты» деп жазган.

Мамлекеттик каттоо кызматы Kaktus media маалымат агенттигин чындыкка дал келбеген кабар жарыялаганы үчүн сотко бериши мүмкүн экенин билдирген. Анда аталган сайтта мекеменин эки жетекчиси тууралуу жарыяланган макала «шектүү булактарга» таянып жазылганы үчүн агенттик кечирим сурашы керек экени жазылган.

Мекеменин жетекчисинин жасалма номурларга тиешеси бар-жогун текшерүү маселеси 5-декабрда Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG