Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:26

Жогорку сотто Салянованын лицензия боюнча иши каралып жатат


Жогорку сотто мурдагы юстиция министри Аида Саляновага лицензия боюнча козголгон кылмыш иши жаңы жагдайлар менен каралууда. Аида Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова Салянова адвокаттын лицензиясын узартууда эч кандай мотив, кылмыш болбогонун айтып жатат.

Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон.

Чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Салянова өзү бул иште эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG