Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Нур-Султанда Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн 14-айлампасы башталды


Сирия боюнча Нур-Султандагы сүйлөшүүлөрдүн 12-айлампасы ушул жылдын апрель айында өткөн.
Сирия боюнча Нур-Султандагы сүйлөшүүлөрдүн 12-айлампасы ушул жылдын апрель айында өткөн.

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында Сирия боюнча үч тараптуу сүйлөшүү жүргүзүш үчүн 10-декабрда Түркиядан, Ирандан жана Орусиядан делегациялар келди. Жыйын эки күнгө созулат жана анда Сириядагы согушту токтотуу маселелери, куралдуу кагылыштан кийинки Конституцияны иштеп чыгуу, саясий системаны алмаштыруу жана качкындар коопсуздугу өңдүү жагдайлар каралат. Бул «Астана жараяны» деген ат менен таанылган сүйлөшүүлөрдүн 14-айлампасы. Алгачкы кездешүү 2017-жылдын башында Түркияда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу менен өткөн.

Сирия боюнча Женевада БУУнун ортомчулугу боюнча сүйлөшүүлөр өтүп турат.

Сирияда сегиз жылдан ашкан жарандык согушта Анкара менен Вашингтон көтөрүлүшчүлөрдүн эки башка тобун, Орусия болсо президент Башар Асадды колдоп келет. Бул согуш баш-аягы 400 миңдей адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG