Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Жээнбеков Сауд Арабиясына расмий сапар менен барат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясына бул өлкөнүн падышасы Салман бин Абделазиз Ал-Сауддун чакыруусу менен 15-17-декабрда расмий сапар менен барат. Бул тууралуу бүгүн 10-декабрда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Сапардын алкагында кыргыз мамлекетинин башчысы бир катар жолугушууларды өткөрүп, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтыкты талкуулайт.

Жыйынтыгында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, спорт, билим берүү жана илим чөйрөсүндө, социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатында документтерге кол коюлат.

Мындан тышкары Жээнбеков Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчилигинин имаратынын жаңы комплексинин расмий ачылышына катышат жана мекендештер менен жолугушат. (RK)

XS
SM
MD
LG