Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

ИИМ ардагерлери: Атамбаевди жактаган кесиптештерди колдобойбуз


ИИМ имараты.
ИИМ имараты.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдоп, азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кат жазган милиция ардагерлерине Ички иштер министрлигинин Ардагерлер кеңеши жооп кайтарды.

Министрликтин расмий сайтына жарыяланган кайрылууда милиция саясатка аралашпай, коомдук тартипти коргоп, кылмыштуулукка каршы күрөшүү менен гана алектениши керек экендиги айтылат.

Бүгүн, 10-декабрда Атамбаевди колдогон 21 адамдын колу коюлган кат президент Жээнбековго жиберилгени маалымдалган.

Анын авторлору өзүлөрүн Ички иштер министрлигин ардагерлери деп тааныштырып, Атамбаевдин учурунда Кыргызстандын бардык тармактарында олуттуу жетишкендиктер жана ийгиликтер болгонун жазышкан. Ошону менен катар Атамбаев бийликте турганда милиция «Ак үйдүн» буйругун аткарыш үчүн аянтта элге каршы чыкпаганын, ал президент катары күч кызматкерлерине кам көрүп, айлыгын көбөйтүп, там салып берип, жашоо-шартын жакшыртканын жүйө келтиришкен жана аны тез арада бошотууну суранышкан.

ИИМдин Ардагерлер кеңеши бул каттын авторлору менен макул эмес экенин, акыркы сегиз жылда милиция көптөгөн кыйынчылыктарга туш болгонун, түрдүү нааразылык акцияларын басуу менен алектенгенин айтышты.

Кесиптештерине жооп берген ардагерлердин пикиринде, милиция үчүн жакшы шарт эми гана түзүлүп жатат.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев быйыл август айында кармалып, УКМКнын абагына камалган. Ал «Коррупция» беренеси боюнча айыпталууда. Өзү бул айыптоону негизсиз деп эсептейт. (RK)

XS
SM
MD
LG