Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Пакистанда сот мурдагы президентти саламаттыгына байланыштуу абактан чыгарды


Асиф Али Зардари.
Асиф Али Зардари.

Пакистандын соту 11-декабрдагы чечими менен мурдагы президент Асиф Али Зардарини саламаттыгына байланыштуу күрөөгө бошотту. Анда мурдагы президент ооруканада дарыланып чыгышы керек экендиги айтылды.

Мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун күйөөсү, экс-президент Асиф Али Зардари быйыл июнь айында бир канча миллион долларды адалдаган деген шек менен Коррупцияга каршы кызмат тарабынан кармалган.

Ал азыр парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты. Зардари өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагууда. Ал өзүн азыркы премьер-министр Имран Хандын бийлиги куугунтуктап жатат деп эсептейт. Былтыр бийликке келген Имран Хан шайлоо учурунда бардык тармакта коррупция менен күрөшүүгө убада берген.

Асиф Али Зардари мурдагы аскер диктатору Первез Мушарраф бийликтен кеткенден кийин бийликке келип, 2008-жылдан 2013-жылдары президент болгон.

XS
SM
MD
LG