Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:13

«Ишкободдогу» кол салууда аялдар менен балдар да болгон


«Султонобад» чек ара отрядына караштуу «Ишкобод» бекетине 6-ноябрда кол салуу болгон.
«Султонобад» чек ара отрядына караштуу «Ишкобод» бекетине 6-ноябрда кол салуу болгон.

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин «Ишкобод» заставасына кол салуу болгондо аялдар менен балдар курман болгонун билдирди. Бул тууралуу министр 10-декабрда Тажикстан менен Евробиримдиктин кызматташтык кеңешинин жыйынынан кийин «Озоди» радиосунун кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып айтты.

- 20 согушкерден турган топ заставага чабуул койгон. Жоочулар жок кылынган, бешөө кармалган. Күч органдары да жоготууларга учураган. Тилекке каршы, согушкерлер аялдар менен балдарды пайдаланышкан. Биз аракет кылганыбыз менен, жоочулар бизге башка жол калтырган эмес, - деди министр.

Чек ара заставасына кол салуу 6 ноябрда таң эрте болгон. Бир нече күндөн кийин «Ислам мамлекети» экстремисттик уюм чабуулдун артында турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG