Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Түркияда кыздарды саткан деп шек саналган кыргызстандык аял кармалды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бул тууралуу мамлекеттик «Анадолу» агенттиги маалымат таратты.

10-декабрда Түркиянын Бурдур шаарында массаж салонуна полиция кызматкерлери атайын операция менен кирген. Мындан кийин сойкулукка мажбурланганы айтылган ондогон чет өлкөлүк кыз-келиндер куткарылганы жазылган.

Бул окуя боюнча Бурдур ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, кыргызстандык аял жана түрк жараны кармалган. Атайын операцияда куткарылган чет өлкөлүк кыз-келиндер өз мекенине депортацияланат.

Түркиянын Жазык кодексинин «Киши сатуу» беренеси боюнча жарандарды сойкулукка мажбурлагандар тогуз жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Расмий маалымат боюнча Түркияда учурда бир миллиондон ашык чет өлкөлүк жашайт. Алардын 86 миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштейт. Анткен менен Түркияда мыйзамсыз иштеген кыргызстандыктар жыл сайын көбөйүүдө. Ал эми 2018-жылы Түркияда 30 миңден ашык кыргызстандык катталган.

Негизинен мигрант кыз-келиндер бала багуучу, улгайган кишилерди карап баккан камкорчу болуп жана үй кызматтарында иштешет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашайт. (ElB

XS
SM
MD
LG