Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Үй камагындагы Рысалиев президент менен кошо БАЭге кетти


Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегациянын курамында Бириккен Араб Эмираттарына кетти. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз чыгарылышы боюнча козголгон кылмыш ишинде фигурант болчу. Ал август айында үй камагында калтырылган.

Жазык кодексине ылайык, үй камагы айыпталуучунун эркин жүрүшүнө чек коёт. Ал адамга кайсы бир жарандар менен кабар алышууга, күнү-түнү же күндүн анык учурунда турак жайынан жана соттун уруксаты жок административдик аймактын чегинен чыгууга тыюу салынат.

Зарылбек Рысалиев өлкөдөн чыгыш үчүн уруксат алган-албаганы белгисиз. ИИМ бул маалыматты кийин тактап берүүгө убада берди.

Зарылбек Рысалиев Батукаев бошотулган маалда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болгон. Бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече адамга айып коюлган. Алардын ичинен мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова камакка алынып, кийинчерээк тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн үй камагына чыгарылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG