Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 15:20

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 11-декабрда Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кара аймагындагы Миң-Булак калктуу конушунда тактала элек тилкеде Тажикстандын жарандары алты трактор менен жерди түздөп, айыл чарба иштерин жүргүзө башташкан.

«Кыргыз чек арачылары ал жерге барып, тактала элек жерде ишти токтотууну талап кылышты. Бирок коңшу республиканын тургундары бул талапты аткаруудан баш тартышты. Натыйжада эки тараптын чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чогулуп, делимитация жана демаркация боюнча өкмөт аралык комиссия чек ара сызыгын аныктап бергенче иштерди токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Тажик тарап айыл чарба техникасын Кара аймагынан алып чыгып кетти», деп маалымдады Мамлекеттик чек ара кызматы.

Тажик тарап азырынча бүгүнкү окуя тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон 28-ноябрдагы жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кызматташтыкты бекемдөө туурасында сүйлөшкөн. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG