Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:34

«Time» журналы Грета Тунбергди «Жылдын адамы» деп тапты


Грета Тунберг.
Грета Тунберг.

Америкалык «Time» журналы экологияны коргоо боюнча өспүрүм активист Грета Тунбергди «Жылдын адамы» деп тапты. Бул журналдын тарыхында анын баасын алган эң жаш адам болуп калды. «Time» журналы 16 жаштагы швециялык өспүрүмдү «Жыл адамы» деп табууда анын климаттын глобалдык өзгөрүшүнө каршы демилге баштап, муну дүйнөлүк кыймылга айландыра алганын эске алган.

Америкалык журнал «Жылдын адамын» жыл сайын декабрда жарыялайт.

Грета Тунберг «Fridays for Future» же «Жума күндөрүн келечекке арнайлы!» аттуу кыймылды жетектейт жана дүйнөнүн булуң-бурчундагы тели-теңтуштарын экологияны сактоого чакырып келет.

Ал быйыл сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын климаттын өзгөрүшүнө арналган жыйынында дүйнө лидерлерин жетиштүү чара көрбөй жатканы үчүн уяткарган болчу.

Дүйнөлүк басма сөз Тунбергге 2018-жылы көңүл бура баштаган. Анда өспүрүм кыз жума күндөрү сабакка барбай, Швециянын бийлигинен экологиялык маселелерге көңүл бурууну талап кылууга өткөн эле. «Мектептеги иш таштоо» деген атка конгон мындай акциялар Швецияда гана эмес, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндөгү мектеп окуучуларынан да колдоо таап кеткен.

«Fridays for Future» кыймылына кошулган өспүрүмдөр климаттын өзгөрүшү мектептеги сабактардан да маанилүүрөөк деп эсептешет.

Буга чейин анын ысмы Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алат дегендердин арасында аталып, бирок бул сыйлык берилген эмес. «Amnesty International» укук коргоо уюму болсо өспүрүм кызга «Абийир элчиси» наамын ыйгарган. Ошол эле кезде ал «Түндүк кеңешинин» айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы сыйлыгын алуудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG