Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

ИИМ: Зарылбек Рысалиевдин чет өлкөгө чыгышына чектөө жок


Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.

Зарылбек Рысалиевдин чет өлкөгө чыгышына чектөө жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Жапаркулова «Азаттыкка» билдиргенине караганда, чектөө быйыл 2-ноябрда алынган.

- 2-ноябрда адвокаттын «Рысалиев чет жакта дарыланышы керек» деген өтүнүчү боюнча ИИМдин Тергөө кызматы анын ден соолугунун абалын жана дарылануу зарылчылыгын эске алып Кыргызстандан тыш жакка чыгышына коюлган чектөөнү алып салган, - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегациянын курамында Бириккен Араб Эмираттарына кетти. Бул маалыматты өлкө башчысынын басма сөз кызматы тастыктады.

Рысалиев - кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз чыгарылышы боюнча козголгон кылмыш ишинде фигурант. Ал август айында үй камагында калтырылган.

Жазык кодексине ылайык, үй камагы айыпталуучунун эркин жүрүшүнө чек коёт. Ал адамга кайсы бир жарандар менен кабар алышууга, күнү-түнү же күндүн анык учурунда турак жайынан жана соттун уруксаты жок административдик аймактын чегинен чыгууга тыюу салынат.

Зарылбек Рысалиев Батукаев бошотулган маалда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болгон. Бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече адамга айып коюлган. Алардын ичинен мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова камакка алынып, кийинчерээк тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн үй камагына чыгарылган. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG