Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:23

Тажикстан 20 миңдей адамга мунапыс берди


Тажикстан.
Тажикстан.

Тажикстандын парламенти өлкөдө жарандыгы жок, мыйзамсыз жашап жаткан 20 миңдей адамга мунапыс берген мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзам аларга өлкөдө туруктуу жашоого уруксат берген документтерди алууга жол ачат.

Тажикстанда мыйзамсыз жашап жатат деп эсептелгендердин көбүн 1990-жылдары Ооганстанда бийликке талибдер келгенде качып келгендер түзөт.

Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандан көчүп барган мурдагы Советтер Союзунун жарандары да бар. Алардын өлкөгө келиши мыйзамсыз деп эсептелип, жарандык берилбей жүрөт.

Жаңы мыйзамга ылайык, бул категориядагы адамдарга беш жылга туруктуу жашоо тууралуу документ берилет. Андан кийин алар жарандык ала алышат.

XS
SM
MD
LG