Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Бишкекте «Биз тумчугуп баратабыз!» деген акция өтөт


Бишкек. Архивдик сүрөт.
Бишкек. Архивдик сүрөт.

Бүгүн, 12-декабрда Бишкекте «Биз тумчугуп баратабыз! Бизге таза аба керек!» деген акция өтөт. Аны уюштуруп жаткан топ өзүлөрүн чыгармачыл жамаат деп атоодо.

Ала-Тоо аянтында өтө турган акциянын катышуучулары беткап тагынып чыкканы жатышат.

Уюштуруучулар белгилегендей, кийиники апталарда Кыргызстанда дем алуу жана жүрөк-кан тамыр органдарынын оорусуна чалдыккандар көбөйгөнү байкалды.

Экологдор эки жылдан бери Кыргызстандын борборунда аба кескин булганганы тууралуу коңгуроо кагып келишет. Бирок кара түтүндү азайтуу боюнча чукул чара көрүлө элек.

27-ноябрда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги абанын сапатын текшерген «Airnow» жабдуусун орноткон. Андан алынган маалыматка ылайык, ноябрда Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын бири деп табылган. (RK)

XS
SM
MD
LG