Бүгүн 12-декабрда Жогорку Кеңеш Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгын талкуулайт.
10-декабрда бул маселе Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы комитетинен эч кандай талкуусуз колдоо тапкан. Комиссиянын айрым мүчөлөрү бир жоокердин өлүмү менен аяктап, мурдагы президенттин камакка алынышына алып келген окуяга депутаттардын кайдыгер мамилесин сындап чыгышкан. Эл өкүлдөрү корутунду боюнча парламенттин жалпы жыйынында талкуу болорун жүйө кылышкан.
Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөөгө күбө катары күч менен алып келүү боюнча операция ушул жылдын 7-августунда уюштурулган. Ага УКМКнын «Альфа» ыкчам тобунун аскерлери тартылган.
Саясатчыны Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап кетүү маалында тарапкерлери менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылыш чыгып, «Альфа» тобунун командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков окко учуп курман болгон. Мындан сырткары 200дөн ашык адам жабыркаган. Мындай кырдаалда операция оңунан чыкпай, эртеси күнү гана Алмазбек Атамбаев кармалып, камакка алынган.
Кой-Таштагы 7-8-августтагы окуяларга байланыштуу 39 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери камакка алынган. Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодурановага иш козголуп, алар үй камагында. (RK)