Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:59

АКШ бир нече ирандык компанияны «кара тизмеге» киргизди


Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШ Ирандын алдыңкы кеме жана авиация компанияларына каршы чара көрүүдө. Мамлекеттик департаменттин чечими менен алар жапырт кыргын салуучу куралды жайылтпоо максатында «кара тизмеге» киргизилди.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун айтымында, курал жайылтпоого байланыштуу үч жана Ирандан Йеменге куралды аткезчилик жол менен ташыган сегиз ишканага карата чечим чыкты.

Алардын арасында «Islamic Republic of Iran Shipping Lines», анын Кытайдагы бөлүмү «E-Sail Shipping Company» жана «Mahan Air» авиакомпаниясы бар.

АКШ бул чара жапырт кыргын салуучу куралды, анын ичинде ракеталык жана өзөктүк технологияларды жайылтуунун алдын алат деп эсептейт.

АКШ менен Ирандын ортосундагы мамиленин курчушуна 14-сентябрда Сауд Арабиясындагы мунай заводдоруна коюлган террордук чабуулдар себеп болгон. Иран өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG