Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:52

Жээнбеков Дубайдагы кыргызстандыктар менен жолугат


Сооронбай Жээнбеков Абу-Дабиде.
Сооронбай Жээнбеков Абу-Дабиде.

Бүгүн, 12-декабрда Дубайда президент Сооронбай Жээнбековдун ошол жакта жашаган кыргызстандыктар менен жолугушуусу болот. Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) расмий сапар менен Жээнбеков 11-декабрда барды.

Сапар алкагында Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы жана БАЭнин вице-президенти, премьер-министри Мухаммед бин Рашид Ал-Мактум менен эки тараптуу жолугушуу болот.

Мындан тышкары БАЭнин Соода-өнөр жай палатасынын, ири компаниялардын жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, Зайед фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Ал-Амери менен сүйлөшүүлөр пландалган.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын расмий маалыматына караганда, 2011-жылы эки өлкө ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү 300 млн. доллар болгон, ал эми 2015-жылы 100 млн. долларга араң жеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG