Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:24

Депутат «эшек этин сатуу» жөнүндө маалыматты текшерүүнү талап кылды


12-декабрда өткөн парламент жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов ветеринардык кызматтарды «азык-түлүккө көзөмөл жүргүзбөй жатат» деп сынга алды. Эл өкүлү Интернетте «эшек эти сатылууда» деген маалымат текшерилбей жатканын айтты.

- Азык-түлүккө көзөмөлдү күчөтүш керек. Эмнеге ветеринардык кызматтар текшербейт, өкмөттүн буйругун аткарбайт? Интернетте эшек маселеси көтөрүлүп жатат. «Эшек союлуп, сатылууда» деген сөздөр чыгууда. Ветеринардык кызмат «текшердик же текшерген жокпуз» деп жооп бербейт. Алар эмне жумуш кылып жатат?

Интернетте бир жумадан бери эшек союлуп жаткан видео тарап, окуя Кыргызстанда болгону айтылууда.

2015-жылы Бишкекке жакын жердеги айылда эшек союлган касапкана табылып, эти баш калаадагы коомдук тамактануу жайларына жана эт базарларына чыгарылып турганы маалымдалган. Бирок касапкана ээси эшектин эти чет өлкөлүк зоопарктарга жибериле турганын айтып чыккан.

Ошол эле жылы Ошто жүздөн ашуун эшек багып жаткан кытай жарандары табылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG