Кыргызстанда 12-декабрь - жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн урматына Адабият күнү катары белгиленет.
Бул датага байланыштуу Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.
Улуттук адабият күнүн белгилөөнү 2011-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты, маркум Эгемберди Эрматов сунуш кылган. Токтом долбоору жактырылып, энчилүү дата катары ошол жылы өкмөттүн чечими чыккан. (SE\ZA)