Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Мамытов: Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн депкомиссия «Азаттыктын» кабарчыларын чакырат


«Азаттыктын» кабарчылары. (Солдон оңго) Ыдырыс Исаков жана Али Токтакунов.
«Азаттыктын» кабарчылары. (Солдон оңго) Ыдырыс Исаков жана Али Токтакунов.

Кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссияга «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали (Али) Токтакунов жана Ыдырыс Исаков чакырылат.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна аталган комиссиянын төрагасы, депутат Талант Мамытов айтты.

- Комиссиянын курамы жаңыланды. Толук курам түзүлгөндөн кийин биз катчылыкты бекиттик. Тиешелүү суроо-талаптарды жөнөтүп маалымат алгандан кийин отурумдарды баштайбыз. Анткени депутаттар биринчи маалыматка ээ болуш керек. Андан кийин бардык тийиштүү тараптарды чакырабыз. Буга «Азаттыктын» иликтөөсү негизги себеп болгондуктан, «Азаттыктын» да журналисттерин чакырабыз, - деди Мамытов.

Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу 21-ноябрда убактылуу депутаттык комиссия түзгөн.

Комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтөөгө ниеттенүүдө.

Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схема боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Түркияда аны өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалды. (BTo)

XS
SM
MD
LG