Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор Аида Салянованын иши боюнча сот уланууда. Иш Жогорку сотто каралып жатат.
Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова өлкөдөгү бир катар адвокаттар, экс-президент Роза Отунбаева, акыйкатчы ишти калыс кароо боюнча президентке кайрылганын билдирди. Адвокат ишти карап жаткан Жогорку соттун коллегиясына чечим кабыл алууда бул кайрылууга көңүл бурууга чакырды.
Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон.
Чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.
Салянова өзү бул иште эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет.