Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Грузин парламентинин эшигин тоскондорду полиция кармап кетти


Парламенттин алдына каршылык акциясына чыккандар.
Парламенттин алдына каршылык акциясына чыккандар.

Грузин парламентинин алдындагы акция учурунда полиция 12 адамды, анын ичинде оппозициялык «Жаңы Грузия» партиясынын лидери Георгий Вашадзени кармап кетти. Алар күч органдарынын талаптарына баш ийбегендиги жана майда бейбаштык кылганы үчүн кармалганын Ички иштер министрлиги билдирди.

Акцияга чыккандар 19 талапкердин Жогорку сотко тандалышына каршылыгын билдирип, парламент имаратына кире бериш эшиктерди тосууга аракет кылышкан. Алар талапкерлер «судья болуп турган кезинде бийликтин айтканынан чыкпаганын» белгилеп жатышат.

Буга чейин бир Грузияда шайлоо системасын өзгөртүүнү, мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылган митингдер өткөн. Кошмо Штаттар жана Евробиримдик грузин өкмөтүн жана саясий партияларды «тынч жана сый диалогго» чакырып келет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG