Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Комиссия: Ниязбеков Атамбаев менен анын жансакчыларынын огунан каза болгон


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтеген мамлекеттик комиссия «Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков Алмазбек Атамбаевдин жана анын жансакчыларынын огунан курман болгон» деп тапты.

Бул тууралуу аталган комиссиянын мүчөсү, депутат Тынчтыкбек Шайназаров 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Учурда парламент Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын корутундусун талкуулап жатат.

- «Альфанын» кызматкерлери оор калкандары менен коргонуп, үйдүн темир торлорун бузуу ишин улантып жатканда Атамбаев жана анын жансакчылары «Альфа» кызматкерлерин токтотуш үчүн 3-кабатта атайын даярдалган орундан ок атып, үч адамды жарадар кылышкан. Анын ичинде «Альфанын» жетекчисинин орун басары, полковник Ниязбеков октон жарадар болуп, ооруканада жан берген. «Альфа» кызматкерлерине ок атуудан улам алардын үчүнчү кабатка кириши жана Атамбаевди суракка мажбурлап алып келүү боюнча планды ишке ашыруу мүмкүн болгон эмес, - деди Шайназаров.

Депутаттын маалыматына караганда, Атамбаевдин тарапташтары массалык башаламандык уюштуруп, «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкерлерин Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн сүрүп чыгарышкан. УКМКнын айрым кызматкерлери чыгып кетип, калгандары чогулгандардын колуна түшүп калган.

«Атамбаевдин тарапташтары алардын формасын, куралдарын тартып алып уруп-согуп, алтоону барымтага алышкан. Буга карабастан «Альфанын» кызматкерлери курмандыктарга жол бербеш үчүн ок атуучу куралдарды колдонушкан эмес. Кагылышуу учурунда Атамбаевдин тарапташтары 14 АК-74 автоматын, 1680 огун, 18 помпалык куралды, 15 тапанчаны жана анын 435 огун тартып алышканы аныкталган», - деп айтылат билдирүүдө.

Кой-Таш окуясында жалпы-жонунан 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91 адам ИИМдин, 40 киши УКМКнын кызматкери болсо, 94ү жөнөкөй жарандар.

Буга чейин Үсөнбек Ниязбеков кайсы куралдан ок тийип курман болгонун аныкташ үчүн баллистикалык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы азырынча белгисиз. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары тескерисинче күч түзүмдөрүн күнөөлөп, алар жөнөкөй элге согуштук куралдарды колдонгонун айтып келет. Ошондой эле комиссиянын корутундусун тааныбай турганын, бул комиссия бийликтин кызыкчылыгын коргогон тыянак чыгарганын билдиришти. (BTo)

XS
SM
MD
LG