Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 23-январь, 2020 Бишкек убактысы 02:52

Жогорку сот Салянованын лицензия боюнча арызын канааттандырган жок


Аида Салянова.

Жогорку сот мурдагы юстиция министри Аида Саляновага лицензия боюнча козголгон кылмыш ишин жаңы жагдайлар менен карап, Бишкектин Ленин райондук сотунун 2017-жылдагы аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Бүгүн сотто Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова өлкөдөгү бир катар адвокаттар, экс-президент Роза Отунбаева, акыйкатчы ишти калыс кароо боюнча президентке кайрылганын билдирди. Адвокат ишти карап жаткан Жогорку соттун коллегиясына чечим кабыл алууда бул кайрылууга көңүл бурууга чакырды.

Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон.

Салянова өзү бул иште эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG