Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:30

Францияда жапырт иш таштоо уланууда


Айрым аймактарда демонстранттар менен полиция кагылышты.
Айрым аймактарда демонстранттар менен полиция кагылышты.

Францияда 8 күн катары менен иш таштоо уланып жатат. Жумушчулар пенсия реформасына каршы чыгып жатышат.

Бул - 1995-жылдан берки эң ири акция, ага 100 миңдеген киши катышууда. Коомдук транпорт, чукул кызматтар үзүл-кесил иштеп жатканына карабай, эл негизинен иш таштагандарды колдоп жатат.

Кээ бир жерлерде демонстрациялар баш аламандыкка жана тополоңго айланып кетти. Өткөн жумада бир нече шаарда полиция менен демонстранттар кагылышкан.

Каршылык акцияларына карабастан шаршембиде Франциянын премьер-министри Эдуард Филипп реформа планы мурдагыдан бир топ өзгөргөнүн билдирди. Ага ылайык, пенсия реформасы мурдагыдай 1963-жылкылардан бери эмес, 1975-жылдан кийин төрөлгөндөргө гана тиешелүү болот. Пенсия курагы 62 жаш бойдон кала бере турган болду.

XS
SM
MD
LG