Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 01:18

Аскер прокурору Кой-Таштагы кызыл баштык тууралуу маалымат берди


Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.

Аскер прокурору Нуркамал Набиев Кой-Таш окуясында ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан баштык табылганын жарыялады. Бул тууралуу ал 12-декабрда Жогорку Кеңеште Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу талкууланып жаткан учурда билдирди:

- Ал кызыл баштык табылган. Анда Алмазбек Атамбаевге таандык документтер жана башка буюмдар болгон. Тергөөнүн сырына байланыштуу аларды айта албайм.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан алынган. Кийин Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон. Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

Башкы прокуратура тараткан маалыматка караганда, Асанов 8-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласына берген. Далил буюмдар андан ары Атамбаевдин тарапкерлерине жеткириш үчүн берилгени айтылат.

Бул иштин алкагында Курсан Асановдун жардамчысы Дамирбек Пайзылда уулу камакка алынган. 27-августта Асановдун 22 жаштагы уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланган. Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып, жеке кызыкчылыгын эч качан мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой турганын айткан. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG