Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

Жогорку Кеңеш Кой-Таш боюнча комиссиянын корутундусун колдоду


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеште быйыл 7-8-августта Кой-Ташта түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматы угулуп, жыйынтыгында айрым депутаттардан келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен токтом кабыл алынды. 91 депутат «макул», эки депутат «каршы» деп добуш берди.

Ошону менен бирге өкмөткө, тийиштүү укук коргоо органдарына мамлекеттик комиссиянын корутундусунда камтылган фактыларды текшерүү жана чара көрүү тапшырылды.

Мамкомиссиянын атынан баяндама жасаган депутат Тынчтык Шайназаров:

- Иликтөөнүн жыйынтыгында мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары азыркы бийлик башындагылар үй-бүлөлүк бийликти куруп алды деген доомат коюу менен калкка жаман көрсөтүп, өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутууга аракет кылган деген жыйынтыкка келди. Ошондой эле Атамбаевдин тарапташтары Бишкек шаарында митинг уюштуруп, башаламандык уюштургусу келген. Бирок укук коргоо органдары түзүлгөн кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбай, курчушуна жол берген жок, - деп билдирди.

​Мунун алдында Атамбаевди колдогон КСДП комиссиянын бүтүмү тууралуу билдирүү таратып, «Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу бийликтин көрсөтмөсү менен жазылган жана чындыкка дал келбейт» деп билдирди. Ошондой эле комиссия учурдагы бийликтин саясий каталарын жана кылмыштарын калкалоо үчүн кызмат кылып жатканын билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG