Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Флай: «Азаттыктын» эсебин камакка алуу Жээнбековдун убадасына каршы келет


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков быйыл 29-августта Бишкекте «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын президенти Жейми Флайды кабыл алган.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков быйыл 29-августта Бишкекте «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын президенти Жейми Флайды кабыл алган.

«Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын президенти Жейми Флай Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттыктын» кыргыз кызматына карата доо арызына байланыштуу билдирүү таратты.

Анда редакцияга тиешелүү Бишкектеги банк эсеби камакка алынганы тууралуу 12-декабрда эртең менен кабар тараганы, бирок расмий маалымдама келип түшпөгөнү белгиленет.

«Матраимовдун арызын же биздин эсепти камакка алуу тууралуу соттун чечимин түшүндүргөн расмий документтерди көрө элекпиз. Бул «Азаттыктын» ишмердигине жана өз алдынчалыгына карата чектен чыккан чабуул жана «Азаттыктын» кабарчылары менен кызматкерлерин коркутуу. Бул ошондой эле август айында мени менен жолуккан учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун көз карандысыз журналистиканы жана Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөштү коргоору тууралуу бекем убадасына каршы келет. Мен биздин эсепти тезинен камактан чыгарууну көптөн көп өтүнөм», - дейт Жейми Флай.

Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонду» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпы 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. «Азаттык» радиосун тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебиндеги 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктады.

Парламент депутаттары, укук коргоочулар жана активисттер соттун чукул чечимин кескин сынга алып чыгышты.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда жүз миллиондогон доллар чыгарылып кеткени ашкереленген.

Анда көпчүлүккө белгисиз Абдукадыр аттуу чет өлкөлүк үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар тапканы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин, Абдукадырдын үй-бүлөсү менен Матраимовдор өнөктөш экенин аныктаган. Матраимовдун жубайы Дубайда жалпы баасы 12 млн. доллардан кем эмес үч мүлккө ээлик кылары, бирок ал декларациясында көрсөтүлбөгөнү ашкереленген.

XS
SM
MD
LG