Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды дагы жарым жылга узартты


Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдиги Орусияга каршы экономикалык санкциялардын мөөнөтүн узартууну чечти. Мындай чечим уюмдун Брюсселде өтүп жаткан саммитинде кабыл алынды.

Украинанын чыгышындагы соңку беш жылдан бери 13 миң адамдын өмүрүн жалмаган окуялардан улам киргизилген санкциялар дагы алты ай уланмай болду.

Бир нече күн мурда Парижде орус жана украин президенттери Владимир Путин менен Владимир Зеленский жолугуп, жылдын аягына чейин Украинанын чыгышында ок атышууну токтотууну, туткун алмашууну жана үч аймактан курал-жаракты алып чыгып кетүүнү макулдашкан.

Бирок согушту токтотууга байланыштуу олуттуу маселелер боюнча мунаса таба алышкан эмес.

Сүйлөшүүлөргө ортомчу болгон немис жана француз лидерлери Брюсселде Евробиримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн башчыларына орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, Москвага карата чектөөлөрдү алып салууну сунуш кылышкан.

2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин Орусиянын каржы, энергетика жана коргонуу өнөр жай тармагына Европа санкция киргизген. Кремль бардык айыптоолорду четке кагып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG