Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:57

АКШ: Сенат армяндар боюнча резолюцияны жактырды


Армения. Геноциддин курмандыктарын эскерүү.
Армения. Геноциддин курмандыктарын эскерүү.

АКШ Конгрессинин Сенаты Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Осмон империясынын заманында 1915-жылы армяндардын жапырт өлтүрүлүшүн геноцид деп сыпаттаган резолюцияны жактырды.

Буга чейин бул өңдүү резолюцияны кабыл алуу аракеттеринен майнап чыккан эмес. Америкалык мыйзам чыгаруучулар НАТО боюнча өнөктөш Түркия менен мамилени бузууну каалабай келишкен.

Тарых булактарына ылайык, Биринчи дүйнөлүк согуш маалында жана согуштан кийин Осмон түрктөрү бир жарым миллиондой армянды өлтүрүшкөн же депортациялашкан. Бир топ тарыхчылар жана айрым өлкөлөр ал окуяларды «тукум курут» деп эсептешет.

Анкара армяндардын өлүмү Осмон империясынын кулашын коштогон кайгылуу окуялардын жыйынтыгы болгонун, ал жылдары түрктөр да жабыркаганын айтып, геноцид тууралуу дооматтарды четке кагып келатат. Түркия өлгөн армяндардын саны айтылгандан алда канча аз болгон деп эсептейт. (RK)

XS
SM
MD
LG