Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Кыргызстандагы үч медианын эсебинин камакка алынышы боюнча өз пикирин билдирди. Касымалиева «Фейсбуктагы» баракчасына «басылмалардын эсебин камакка коюу – бул ошол медиага жана анын кызматкерлерине болгон басым жана ал чечим жокко чыгарылышы керек» деп жазды.
Вице-спикер ар бир адам сотко берүүгө укуктуу экенин айтып, бирок медианын эсебин камакка коюу логикага сыйбай турганын, адилетсиздик экенин белгилейт.
Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонду» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.
Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. «Азаттык» радиосун тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебиндеги 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктады.
Парламенттын айрым депутаттары, укук коргоочулар жана активисттер соттун чукул чечимин кескин сынга алышты.
«Азаттык» радиосу, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда жүз миллиондогон доллар чыгарылып кеткени ашкереленген.
Анда көпчүлүккө белгисиз Абдукадыр аттуу чет өлкөлүк үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар тапканы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин, Абдукадырдын үй-бүлөсү менен Матраимовдор өнөктөш экенин аныктаган. Матраимовдун жубайы Дубайда жалпы баасы 12 млн. доллардан кем эмес үч мүлккө ээлик кылары, бирок ал декларациясында көрсөтүлбөгөнү айтылган. Райымбек Матраимов иликтөөдө айтылгандар менен макул эмес экенин билдирген. (TSh)