«Медиа өнүктүрүү борбору» коомдук фонду Матраимовдордун үй-бүлөсү үч басылманы жана журналистти сотко берип, ири өлчөмдө доо койгонуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Уюм 13-декабрда тараткан билдирүүдө бул жагдай Кыргызстандагы сөз эркиндигине өтө чоң коркунуч жаратып жатканы белгиленди.
«Сот аркылуу жалпыга маалымдоо каражаттарына басым өткөрүүнүн кесепети жаман. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесине ылайык, ар ким эркин ой жүгүртүүгө, өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу», деп жазылат билдирүүдө.
Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду.
Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду.
Арыз 9-декабрда жазылганы, соттун аныктамасы 10-декабрда чыгып, Кыргызстандагы бардык банктарга жиберилгени 12-декабрда маалым болду.
Соттон келген аныктамага ылайык, арыз төмөнкүлөрдүн атынан жазылган:
- Искендер Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты;
- Райымбек Матраимов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары;
- Минавар Жумаева, Искендер Матраимовдун аялы;
- Уулкан Тургунова, Райымбек Матраимовдун аялы;
- «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фонду.
Доонун суммасы:
- «Азаттык Медиа» мекемесине – 22,5 миллион сом;
- Журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом;
- 24.kg маалымат агенттигине – 15 миллион сом;
- «Клооп Медиа» коомдук фондуна – 12,5 миллион сом.
Соттун аныктамасында Матраимовдордун арызы эмнеге байланыштуу экени так көрсөтүлгөн эмес. Мурдараак Райымбек Матраимов журналисттер аткезчиликке байланыштуу чыгарган иликтөөлөргө байланыштуу сотко кайрыларын билдирген болчу.
Бир катар медиа уюмдар үч басылманы жана кабарчыны сотко берүүнү, алардын банк эсептерин дароо камакка коюуну сөз эркиндигине каршы чабуул катары баалап жатышат.
Соттун алгачкы отуруму болжол менен 19-декабрда саат 14:00дө болот. Аны Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова карай турганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди. (SE)