Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:21

Пакистанда автобус күйүп кетип, 13 жүргүнчү мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын түштүк-чыгышындагы Белужистан аймагында автобус кара май жүктөлгөн автоунаа менен кагылышкандан кийин толугу менен күйүп кетти.

Аталган аймактын жетекчилигинин өкүлү Атикур Рахман Шахвани кырсык Кан Мехтарзай шаарынан анча алыс эмес жерде болгонун билдирди. Анын айтымында, бир жүргүнчү гана автобустун терезесинен секирип кетип аман калган, калган 13 адам толугу менен күйүп кеткен.

Өлгөндөрдүн арасында аялдар жана балдар бар жана алардын тек-жайы аныктала элек.

Пакистанда күйүүчү май кымбат болгондуктан аны коңшулаш Ирандан аткезчилик жол менен ташып келүү кеңири жайылган.

XS
SM
MD
LG