Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

АКШ: Өкүлдөр Палатасы кыргыз бийлигин сөз эркиндигине кысымды токтотууга чакырды


Бир тууган Матраимовдор Кыргызстандагы үч жалпыга маалымдоо каражатын сотко берди.
Бир тууган Матраимовдор Кыргызстандагы үч жалпыга маалымдоо каражатын сотко берди.

АКШнын Өкүлдөр Палатасы «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын кыргыз кызматынын айланасындагы жагдайга байланыштуу камтамачылык билдирди.

«Кыргыз өкмөтү @Kloopnews & @RFERL Kyrgyz Service, @Azattyk_Radiosu маалымат каражаттары ишенимдүү жазып чыккан коррупциялык көрүнүштөрдү жоюунун ордуна журналистиканы басмырлап жатат. Эркин басма сөздү коркутуу жана ооздуктоо - бул негизги эркиндикке чабуул болуп саналат. Өкмөт чукул арада бул багытын өзгөртүшү керек», - деп жазды палатанын Эл аралык иштер боюнча комитети «Твиттердеги» расмий баракчасына.

«Amnesty International» эл аралык уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгү «Кыргызстандагы мурдагы таасирлүү аткаминердин эркин маалымат каражаттарын сотко бергени - бул өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн кооптуу белги» деп баалады.

Мунун алдында «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын президенти Жейми Флай Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттыктын» кыргыз кызматына карата доо арызына байланыштуу билдирүү тараткан. Анда ал: ​«Бул «Азаттыктын» ишмердигине жана өз алдынчалыгына карата чектен чыккан чабуул жана «Азаттыктын» кабарчылары менен кызматкерлерин коркутуу. Бул ошондой эле август айында мени менен жолуккан учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун көз карандысыз журналистиканы жана Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөштү коргору тууралуу бекем убадасына каршы келет», - деп билдирген.

Бир тууган Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. «Азаттык» радиосун тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебиндеги 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктады.

Парламенттын айрым депутаттары, укук коргоочулар жана активисттер соттун чукул чечимин кескин сынга алышты.

Мындан кийин 13-декабрда Матраимовдордун жактоочусу Бишкектин Свердлов райондук сотуна үч медиага каршы жаңы арыз бергени кабарланды.

Жеке булактардын маалыматына караганда, адвокат «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларынын жана журналист Али Токтакуновдун эсебин камакка коюу тууралуу чечимди жокко чыгарууга арыз берген. Тактап айтканда, арыз банк эсептери жөнүндө болуп жатат. Ал эми негизги доо арыз кала бермекчи.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда жүз миллиондогон доллар чыгарылып кеткени ашкереленген.

Анда көпчүлүккө белгисиз Абдукадыр аттуу чет өлкөлүк үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар тапканы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин, Абдукадырдын үй-бүлөсү менен Матраимовдор өнөктөш экенин аныктаган. Матраимовдун жубайы Дубайда жалпы баасы 12 млн. доллардан кем эмес үч мүлккө ээлик кылары, бирок ал декларациясында көрсөтүлбөгөнү айтылган. Райымбек Матраимов иликтөөдө айтылгандар менен макул эмес экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG