Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:57

УКМК: туруктуу коррупциялык схема түзгөндөр кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тараткан сүрөт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тараткан сүрөт.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын алты кызматкери «туруктуу коррупциялык схема түзгөн» деген шек менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Анын ичинде аталган инспекциянын башкармалыгынын башчысы (А.Т.) бар.

Атайын кызматтын басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, бул ишти УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы аныктады. Ага ылайык, аталган инспекциянын кызматкерлери мыйзамсыз каржылык пайда көрүү максатында курулуш архитектурасындагы тийиштүү маселелерди оңунан чечип берүү үчүн жеке компаниялардан дайыма пара алып турган туруктуу схема түзүшкөн.

Жазык кодексинин «Коррупция» жана «Пара алуу» беренелери боюнча мурда козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чаралардын жыйынтыгында, системалык түрдө пара алып жана мыйзамсыз жол менен алынган акча каражаттарын бөлүштүрүүгө катышкан адамдар катталган.

11-декабрда кезектеги 2000 АКШ долларын алып жаткан учурда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башкармалыгынын башчысы (А.Т.) жана башкы инспектор (Б.Б.) кармалды. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG