Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

АКШ «Талибан» менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн кыска мөөнөткө токтотот


Залмай Халилзад.
Залмай Халилзад.

АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад «Талибан» кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрүндө «кыска танапис» жарыяланарын 12-декабрда билдирди. Анын мурунку күнү талиб согушкерлери Баграмда америкалык негизги аскердик базанын жанында кош жардыруу уюштурушкан. Кол салуудан оогандык эки киши мүрт кетип, 70тен көп киши, анын ичинде грузиялык 5 аскер жарадар болгон.

Талибдердин бул кара санатайлыгы өткөн жумада Вашингтон «Талибан» менен тынчтык сүйлөшүлөрдү жанданткандан кийинки учурга туура келди. 3 ай мурун АКШ президенти Дональд Трамп ооган жергесиндеги 18 жылдык согушка чекит коюуну максат кылган сүйлөшүүлөрдү токтотуп койгон.

«Талибдер оогандардын тынч жашоо жөнүндө тилегин аткарууну каалаганын жана ага жөндөмдүү экенин көргөзүүгө тийиш. Талибдер ошол танапистен пайдаланып өз жетекчилери менен бул маанилүү маселе боюнча массилеттешип алышсын»​, деп жазды Халилзад «Твиттерге».

Сүйөшүүлөр Трамп 28-ноябрда алдын-ала айтпай туруп Ооганстанга барып америкалык аскерлер менен учурашып ккеткенден кийин жанданган. Трамп ошондо «талибдер макулдашууга жетишүүнү каалайт биз алар менен жолугушабыз» деп айткан болчу.

XS
SM
MD
LG