Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Украин полициясы журналист Шеремет өлтүрүлгөн жагдайды атады


Павел Шеремет.
Павел Шеремет.

Украинада журналист Павел Шереметти өлтүрүүнү негизи версиясы - бул өлкөдөгү кырдаалдын туруктуулугун бузуу болчу. Бул тууралуу бейшембиде полициянын башчысы Евгений Коваль билдирди.

Анын айтымында, адегенде тергөө 4 жоромолду, анын ичинде маркумдун кесиптик ишмердигин караган. Бирок кийин өлкөдөгү социалдык-саясий кырдаалды курчутуу дегенге токтоду.

Полициянын жетекчиси журналисттин көзүн тазалаган деген шек менен бир нече киши кармалганын айтты.

Украин ички иштер министри Арсен Аваков «Шереметти өлтүрүүгө таанымал кишилердин тиешеси бар» деди.

Брифингге украин президенти Владимир Зеленский да катышты. Беларустук оппозициячыл журналист Павел Шеремет көп жылдары Орусияда иштеген соң Украинага көчүп барган. 2016-жылдын жайында аны машинесине жардыруучу түзмөк коюп өлтүрүп кетишкен. 3 жылдан бери тергөөчүлөр кылмышты уюштурган жана аткарган адамдарды таба албай келатышкан.

XS
SM
MD
LG