Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:24

УКМК: Атамбаевдин саламаттыгы канааттандырарлык


Алмазбек Атамбаев сотко алынып келген учуру. 29-ноябрь, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаев сотко алынып келген учуру. 29-ноябрь, 2019-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергөө камагында жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу тууралуу 14-декабрда маалымат берип, анын адвокатынын айткандарын төгүндөдү.

Атайын кызматтын өкүлү Рахат Сулайманов Атамбаевдин абалы канааттандырарлык экенин, дарыгерлер күнү-түнү көзөмөлдөп жатканын билдирди.

Күн мурда Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары Сергей Слесарев менен Замир Жоошев мурдагы президент өзүн начар сезип жатканын, кан басымы түшүп кеткенин журналисттерге билдирген. Алар буга тергөө абагынын шартынын начардыгы таасир этип жатканын белгилешип, Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч келтирише турганын кабарлашкан.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда. Аталган иш менен мурдагы баш прокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаева баш болгон 10дон ашык мурдагы жетекчиге, дарыгерлерге айып коюлган.

Батукаевдин иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Соңку отурум, 12-декабрда өткөн.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Атамбаев 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. (ErN)

XS
SM
MD
LG