Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Трамп: АКШ-Кытай сүйлөшүүлөрүнүн биринчи фазасы ийгиликтүү аяктады


Дональд Трамп жана Кытай лидери Си Цзиньпиң.
Дональд Трамп жана Кытай лидери Си Цзиньпиң.

Кошмо Штаттар менен Кытай биринчи соода макулдашуусунун биринчи фазасы боюнча принципиалдуу келишимге жетишти. Буга байланыштуу АКШнын президенти Дональд Трамп кытай товарларына бажы төлөмүн көтөрүү жөнүндө мурдараак кабыл алынган чечимин 15-декабрда күчүнө киргизбей турган болду.

Трамп "Твиттердеги" баракчасына жазгандай, Кытай бир катар структуралык өзгөрүүлөргө барууга жана америкалык айыл чарба жана өндүрүш товарларын масштабдуу түрдө сатып алууга макул болду. Президент бир нече кытай товарларынын импорттук төлөмүн эки эсе кыскарта турганын билдирди.

Дональд Трамп Кытай 2020-жылы 50 млрд. долларлык америкалык айыл чарба азыктарын сатып аларын, бул эки эсе өсүш экенин билдирди. Ал кошумчалагандай, калган маселелер сүйлөшүүлөрдүн экинчи этабында чечилмекчи.

Бээжин сүйлөшүүлөрдүн биринчи фазасы аяктаганын ырастап, макулдашуулардын мазмуну тууралуу расмий маалымат тараткан жок. Кытай расмийлери Бээжин да 15-декабрдан тарта америкалык товарларга карата ыктымал чектөөлөр киргизилбей турганын кабарлады.

Соода макулдашуусу жөнүндө АКШ менен Кытайдын сүйлөшүүлөрү бир жылдан ашыгыраак убакыттан бери уланып келет. Бул Трамптын эки өлкө ортосундагы соода шарттары кайра каралбаса кытай товарларына бажы төлөмдөрү этап-этап менен көтөрүлөрүн айткандан кийин башталган. (ErN)

XS
SM
MD
LG