Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

ЕККУнун өкүлү ЖМКларга коюлган миллиондук доолорду айыптады


Коллаж.
Коллаж.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир Кыргызстандын үч маалымат каражаты - «Азаттык» радиосу, Kloop жана 24.kg басылмаларына карата ири суммада доо коюлганына байланыштуу камтамачылыгын билдирди. Анын сөзү ЕККУнун сайтында жарыяланды.

“Кыргызстандагы аталган ЖМКлар соттук талашта өз кызыкчылыгын коргоого аргасыз болуп жатканына мен өтө кабатырмын. Жарандык иштин алкагында кадыр-баркын коргоодо ири суммада доо коюлганы ЖМКлардын эркиндигине тескери таасир этет. Мен сөз эркиндигин жана демократияда негизги ролду ойногон журналисттерди, анын ичинде аталган ишти чагылдырган иликтөөчү кабарчыларды сыйлоого чакырам”,-деп айтылат ал билдирүүдө.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда жүз миллиондогон доллар чыгарылып кеткени ашкереленген. Муну 24.kg басылмасы да өз баракчасына жайгаштырган.

Иликтөөлөрдө көпчүлүккө белгисиз Абдукадыр аттуу чет өлкөлүк үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар тапканы көрсөтүлгөн. Анда бул иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин, Абдукадырдын үй-бүлөсү менен Матраимовдор өнөктөш экенин аныктаган. Матраимовдун жубайы Дубайда жалпы баасы 12 млн. доллардан кем эмес үч мүлккө ээлик кылары, бирок ал декларациясында көрсөтүлбөгөнү айтылган. Райымбек Матраимов иликтөөдө айтылгандар менен макул эмес экенин билдирген.

Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. Ушул эле соттук мекеменин судьясы Жылдыз Ибраимова 13-декабрда кайра Матраимовдордун адвокаттарынын арызы менен эсептерди камактан чыгарган. (ErN)

XS
SM
MD
LG