Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:19

Ошто жалган автомектеп ачып алган киши кармалды


Ошто кармалган жаран.
Ошто кармалган жаран.

Ош шаарында лицензиясыз автомектеп ачып, тургундарды алдап жүргөн деген шек менен 33 жаштагы Ноокат районунун тургуну (П.К.) кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, кеп болгон жаран шаардын Өскөналиев көчөсүнөн кеңсени ижарага алып, сыртына “Автомектеп” деген жазууну илип койгон. Ал келген адамдарга өзүн башкача ат менен мектептин директору катары тааныштырып, автоунаа айдоого укугу бар күбөлүк алып берүүнү убада кылып жүргөн. Натыйжада 40тай адамдан 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин акча алган.

Кармалган жаранга айдоочулукка окутууга укук берилген эмес, окуу борбору эч жерде катталбаган.

Факт боюнча шаардык милициянын бөлүмдөрүндө үч тергөөчү “алдамчылык” беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иштерин баштады. Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Шектүү мурда алдамчылык фактысы боюнча кармалып, сот тарабынан үй камагына чыгарылганы аныкталды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо бөлүмү бул жарандан жабыр тарткандар болсо аталган бөлүмдүн 03222-6-27-57 телефон номери аркылуу кабар берип коюшун суранат. (ErN)

XS
SM
MD
LG