Кыргызстандын Билим берүү, илим министрлиги жана Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) Шейх Мухаммад Зайед атындагы эл аралык фондунун ортосунда Кыргызстанда Ислам Академиясын ачуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин сайтында жарыяланды.
Мындай келишим мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун БАЭге расмий сапары учурунда кабыл алынды.
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков белгилегендей, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жеке дүйнө таанымын жана диний билимдерин өстүрүү, коомдогу түрдүү диний радикалдык көз караштарды ажыратып таануу максатында Академиянын лекцияларынын угуучулары болушат.
«Академия исламдын эң башкы баалуулуктары — боорукердик, сабырдуулук, кайрымдуулук жана мээримдүүлүккө окутат. Жакшы иштерди жасоого чакырат. Мисалы, Татарстанда (РФ) окуу программасында заманбап илим менен диндин негизинде бириктирилип түзүлгөн светтик Ислам академиясы бар. Ислам академиясынын билим берүү стандарттары мамлекеттик билим берүү стандарттарына толук жооп берет жана теологдорду даярдоо боюнча башка программалар менен толукталган. Мунун баары тынчтыкты жана адамдар ортосундагы жакшы мамилелерди сактап калуу үчүн жасалып жатат. Албетте, буга бир канча уюмдар катышат, бирок негизги көзөмөл Билим берүү министрлигинде болот»,-деп белгиледи Каныбек Исаков.
Мындан сырткары расмий сапардын алкагында Кыргызстан менен БАЭнин Билим берүү министрликтери ортосунда биринчи жолу кызматташуу тууралуу меморандумга, БАЭде бюджеттик негизде бакалавриат жана магистратура программалары боюнча билим алууга кыргыз студенттери үчүн квота берүү жана студенттер менен алмашуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Президент Сооронбай Жээнбеков Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаяндын чакыруусу менен 11-12-декабрда расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарында болду. (ErN)