Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:32

11 айда ички дүң өнүм 513 млрд. сомду түздү

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдын январь-ноябрында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 513 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 4,9% көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДӨнүн көлөмү былтыркы жылдын январь-ноябрынын деңгээлинен 3,5 пайызга ашуу менен 459 млрд. сом болду.

Ички дүң өнүмдүн өсүшү, негизинен, өнөр жай, курулуш тармактары, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды.

Муну менен бирге товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактары да өстү. ИДӨнүн түзүмүндөгү эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү тармактарына (44,5%) туура келди, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 41,4 пайызга жетти. (ErN)

​
XS
SM
MD
LG