Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

Индияда нааразылык акциялары учурунда беш адам өлдү


Индиядагы нааразылык акциясы. 11-декабрь, 2019-жыл.
Индиядагы нааразылык акциясы. 11-декабрь, 2019-жыл.

Индиянын түндүк-чыгышындагы "Жарандык жөнүндө" мыйзамга каршы 15-декабрда уланган акцияларда беш адам өлгөнү кабарланды. Анын үчөө полициянын огунан мерт болгону айтылды.

Жергиликтүү басылмалар Ассам штатынын Гувахати аттуу ири шаарында кырдаал оорлоп кеткенин жазышууда. Бийлик интернетке чектөө коюп, айрым райондорго коменданттык саат киргизди.

Батыш Бенгалия штатында демонстранттар поезддерди жана автобустарды өрттөп жибергенден кийин Индиянын чыгышындагы айрым поезддик каттамдар токтотулду.

Индиянын ички иштер министри Амит Шах 15-декабрда билдирүү жасап, акцияга чыккандарды сабырдуулукка чакырды.

Индиянын парламенти 11-декабрда Ооганстандан, Бангладештен жана Пакистандан мыйзамсыз жол менен өлкөгө кирген иммигрант – мусулман эместерге жарандык берүү боюнча мыйзам кабыл алган. Ошондон кийин нааразылык акциялары башталган. (ErN)

XS
SM
MD
LG