Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Жээнбеков Ислам өнүктүрүү фонду менен инвестициялык кызматташтыкты талкуулайт


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясындагы расмий сапаранын алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандан М.Х.Хаджар менен жолугуп, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну талкуулайт. Бул тууралуу мамлекет башчынын администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ислам өнүктүрүү банкына 57 мамлекет мүчө. Уюм ошол мамлекеттердин экономикалык-социалдык өнүгүү долбоорлорун колдойт. Кыргызстанга да бир топ жылдан бери колдоо көрсөтүп келатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясына падыша Салман бин Абделазиз ал-Сауддун чакыруусу менен 15-декабрда барды. Сапар алкагында бийлик өкүлдөрү, Сауд Өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин жетекчилиги жана ошол жактагы кыргызстандыктар менен жолугушат.

Сауд Арабия падышачылыгы Кыргызстандын эгемендигин 1991-жылдын 30-декабрында тааныган. Дипломатиялык алака 1991-жылдын 19-октябрында түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG