Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:06

Дикамбаев «Газпром» мектебинин директору кызматында калды


Бишкектеги «Газпром-Кыргызстан» курган мектеп.
Бишкектеги «Газпром-Кыргызстан» курган мектеп.

Азамат Дикамбаев Бишкектеги «Газпром-Кыргызстан» орто мектебинин директору кызматында калды. Бул маалыматты аталган мектептен ырасташты. Ал эми Дикамбаев өзү кызматына байланыштуу комментарий бербей турганын айтып, учурда жумуш ордунда экенин кошумчалады.

13-декабрда «Kaktus.media» сайты мэриядагы жеке булактарына шилтеме берип, Азамат Дикамбаев кызматынан бошотуларын, 9-январда жаңы директор дайындаларын жазган.

14-декабрда «Газпром» мектебинин окуучулары жана ата-энелер директорду алмаштырууга каршы болуп, нааразылык акциясына чыгышкан.

Сөз болуп жаткан билим берүү мекемесин Орусиянын «Газпром-Кыргызстан» ишканасы курган. Мэрия менен түзүлгөн келишимге ылайык «Газпром» ишканасы 960 орундуу мектепти өзү иштетип жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG