Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:25

Активист: Жапаровду бошотуу боюнча 500 миң кол топтолду


Садыр Жапаров соттук жараянда. Архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров соттук жараянда. Архивдик сүрөт.

Камакта отурган саясатчы Садыр Жапаровду түрмөдөн бошотууну талап кылган кол топтоого 500 миң киши кол койду. Бул тууралуу саясатчынын тарапташы, жарандык активист Мелис Аспеков билдирди. Ал Жапаровду колдогондор 1 миллион кол чогултуп, президент Сооронбай Жээнбековго берүүнү көздөп жатышканын айтты.

Бул кол топтоо ушул жылдын октябрь айында башталган. Саясатчынын жактоочусу кол топтоо Кыргызстандын ичинде жана чет өлкөдө да жүрүп жатканын жарыялаган.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген.

Анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов ноябрь айында Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сураганын кабарлап, саясатчынын ырайым суроо боюнча өтүнүчүнүн текстин жарыялаган. Адвокат бул кат президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссияга берилгенин, бирок ал каралбай жатканын айтып чыккан.

Ал эми президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия Жапаров боюнча материалдар толук келе элек экенин билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG