Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 20-январь, 2020 Бишкек убактысы 13:04

Депутат Бакчиев: суракка дагы чакырылышым мүмкүн


Жаныбек Бакчиев.

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын мүчөсү Жаныбек Бакчиев 16-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) эки саат сурак берип чыкты. Бул тууралуу депутат «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатканда айтты. Анын айтымында, ал мындан 8-10 жыл мурдагы иштерге байланыштуу суракка чакырылган.

- Суракта тактоочу суроолор болду. Мен кандай статуста чакырылып жатканым боюнча бир нерсе деп боолголой албайм. Муну убакыт көрсөтөт. Бирок суракка дагы чакырылышым мүмкүн экенин четке какпайм, - деди Бакчиев.

Маалымат боюнча, эл өкүлү Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп турган жылдардагы иштерге байланыштуу суракка алынды. Бакчиев Мамлекеттик каттоо кызматын 2009-жылы жана экинчи жолу 2011-жылдын январь айынан 2011-жылдын декабрь айына чейин башкарган.

Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схемалар боюнча журналисттик иликтөөлөрдүн башкы каарманы кытайлык ишкер Айеркен Саймаити көзү тирүүсүндө ага болгон кол салууга байланыштуу буга чейин «Бир Бол» фракциясынын депутаттары Алтынбек Сулайманов менен Дүйшөн Төрөкулов УКМКга сурак берип чыгышкан.

Жаныбек Бакчиев - Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG