Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

«Amnesty International»: Иран бийлиги куугунтукту улантып жатат


Караж шаары нааразылык акциядан кийин. 18-ноябрь 2019-жыл
Караж шаары нааразылык акциядан кийин. 18-ноябрь 2019-жыл

Эл аралык мунапыс уюму («Amnesty International») Иран бийлиги өткөн айдагы нааразылык акцияларынан кийин «ырайымсыз куугунтук кампаниясын» улантып жатканын билдирди. Ал акциялар маалында, укук коргоочулардын эсебинде, кеминде 304 киши өлгөн.

16-декабрда жасалган билдирүүдө Лондондо жайгашкан уюм белгилегендей, бийлик Ирандагы куугунтук жөнүндө ооз ачпасын деп миңдеген демонстранттарды, журналисттерди, укук коргоочуларды жана студенттерди камап жатат. Уюм көз карандысыз булактарына таянып, кыйноо менен таанылган Тегерандын четиндеги абакта чоңдор менен катар 15 жаштагы өспүрүмдөр да отурганын билдирди.

Ноябрдын орто ченинде Иран өкмөтү күйүүчү майдын баасын көтөрүп, бензинге чектөө киргизип жатканын жарыялагандан кийин эл козголгон. Иран бийлиги тоз-тополоңдо беш киши каза тапканын, 180дей адам кармалганын маалымдаган жана каршылык акцияларына байланыштуу АКШ, Израил, Сауд Арабиясы сыяктуу өлкөлөрдү айыптаган.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар полиция менен кагылышууларда жүздөгөн киши каза тапканын кабарлашкан.

«Human Rights Watch» (HRW) уюму нааразылык акцияларында ажал тапкандардын санын алда канча азайтканы үчүн Тегеранды сындаган.

XS
SM
MD
LG